Токтогулда электр баасына каршы митинг өттү

Ошондой эле өкмөттөн райондогу атайын фондго жыл сайын берилүүчү 43 млн. сомдун дареги жоктугун айтышып, аны жетектегендердин жоопкерчилиги каралсын деген талап коюшууда.

Бүгүнкү митинг 26-январда өткөн акциянын уландысы. Ошол митингде анын катышуучулары менен район акими Токтосун Барманов жолугушуп, талаптарын өкмөткө жеткирерин айткандан кийин алар өкмөт мүчөлөрү келип түшүндүрүүсүн талап кылышып, 5-февралга чейин убакыт беришкен.

Электр энергиясынын кымбатташына каршы нааразылык акциялары буга чейин Нарын жана Талас шаарларында да өткөн.