Тайванда учак кырсыгынан мерт кеткендер он тогузга жетти

Тайван -- Кулап бараткан учак, 4-февраль, 2015.

Тайванда кырсыкка учураган TransAsia Airways компаниясына таандык учактын кеминде 19 жүргүнчүсү каза болду. Жыйырмага жакын адамдын тагдыры беймаалым. Он беш адам кырсыктан аман калганы белгилүү болду.

Ички каттамды аткарган TransAsia Airways компаниясынын учагынын ичинде экипаж мүчөлөрүнөн сырткары жалпысынан 58 жүргүнчү болгон. Учактагылардын көпчүлүгү кытайлык туристтер экени белгилүү болду.

ATR-72 үлгүсүндөгү учак Тайбэе аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй, кырсыкка учурап, Цзилунг дарыясына кулап түшкөн. Кыйроонун себептери азырынча белгисиз.

TransAsia компаниясына таандык дагы бир учак былтыр июль айында кырсыкка учурап, анда 48 адам мерт кеткен эле.