Бул туурасында “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1975-жылы туулган С. Рускан аттуу жарандын үйүндөгү темир устаканадан травматикалык, газ жана ок атуучу тапанча, мылтык, ок-дарылар, мергенчилик үчүн пайдаланылчу бычактар табылган. Курал-жарактардын айрым бир бөлүгү анын Ысык-Атадагы үйүнөн дагы чыккан. Сурак учурунда бул жаран аталган куралдарды мыйзамсыз бир канча жылдан бери сактап келе жатканын моюнга алган. Ал убактылуу тергөө абагына камалды.
Ушул тапта куралдар боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери башталды. (AzK)