Аламан улак - жигиттердин эрмеги

Көк бөрүнүн бул түрү көпчүлүк учурда Кыргызстандын түштүгүндө ойнолот. 

Аламандын негизги эрежеси бир улакчы баарына каршы же бир команда башка командаларга каршы ойнойт. Оюн талаасында аралыгы 500 метр болгон эки тай казан орнотулат. Ал тай казандарга кезек-кезеги менен улак ташталып турат. 

Көпчүлүк учурда текенин ордуна торпок ойнолот, улакчылардын саны бир эле учурда 50дөн 500 кишиге чейин жетиши мүмкүн.