Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн Жалал-Абад облусундагы күч түзүмдөрүнүн иши менен таанышат. Аймакка жасаган бир күндүк жумушчу сапарынын алкагында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына да катышып, 2014-жылы социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштерди талкуулайт.
Облус жетекчилиги Маматалиевдин катышуусунда 2015-жылга карата жылдык планын да бекитет. (SE)