Араб тилинде дагы бир канал иштей баштады

Бахрейнде жекшембиде араб тилиндеги жаңы маалымат каналы обого чыга баштады. "Alarab" миллиардер, падыша үй-бүлөсүнүн мүчөсү Ал-Валид ибн Талал тарабынан каржыланат. Канал араб дүйнөсүндөгү телерынокто 19 жыл мурун түзүлгөн "Ал-Жазирага" атаандаш болуп чыгууда. Дагы бир атаандашы – 2013-жылдан бери обого чыгып келаткан сауд арабиялык магнаттардын "Ал-Арабия" телеканалы.

Канал эфирге чыга баштаган күнү башкы кабар жапониялык журналисттин “Ислам мамлекети” уюму тарабынан өлтүрүлүшү болду. "Alarab" каналынын жетекчилиги маалымат таратууда жана ар кыл саясий көз караштарды чагылдырууда “так жана объективдүү” болоорун билдирди.