Грузиянын тышкы иштер министри Тамар Беручашвили Түштүк Осетияны Орусия өзүнө кошуп алышы мүмкүн экенин эскертти. Вашингтондо "Азаттыкка" жасаган билдирүүсүндө Беручашвили бул жумуриятта Крымдагыдай референдум өткөрүлүшү мүмкүн деди. 2008-жылдагы Грузия менен кыска согуштан кийин Орусия Түштүк Осетияны өз алдынча мамлекет деп тааныган эле.