Лукашенко: Беларус ЕАЭСтен чыгып кетиши мүмкүн

Лукашенко Минскидеги басма сөз жыйында. 29-январь, 2015-жыл.

Бүгүн Минскидеги басма сөз жыйында сүйлөп жатып, беларус президенти Евразия экономикалык союзунун алкагында “соода согуштары” менен келишүүгө болбой турганын, Москва менен Минск ортосунда азыр азык-түлүк импорту жана экспорту боюнча тирешүү бар экенин белгиледи.

Александр Лукашенконун айтымында, Беларус Казакстан Евразия экономикалык союзунун “нукура экономикалык” гана макамын сактоону көздөп, анын “саясий табиятына” такай каршы чыгып келген.

Беларус президенти кошумчалагандай, бирдиктүү виза режими жөнүндөгү идеяга Минск менен Астана мына ушундан улам каршы болгон.

Александр Лукашенкого эгер буга чейин түзүлгөн "макулдашуулар сакталбай”, Евразия экономикалык союзу Орусия таасиринин аспабы катары колдонулса, Беларус бирикмеден “чыгып кетиши” мүмкүн экенин жокко чыгарбады. (UE)