Таштанды талаасындагы турмуш
Убагында иреттелбеген таштандылар жайылып отуруп, жаңы конуштун көчөлөрүнө чейин жеткен. Жаш-кары дебей, чоң жолго чыгуу үчүн тизеге чейин таштанды кечүүгө аргасыз.
Таштанды чогулткандар күнүмдүк тапкан темир-тезек, буюм-тайымын ушул сыяктуу кабыл алуу жайларына өткөрүшөт.
Бул полигонго күнүнө 200 -300 чамалуу машина таштанды төгөт.
Полигондун диспетчерлери таразанын иштебегенинен улам толук көзөмөл жүргүзө албай жатышканын айтып, кейишет.
Бул таштанды жай жакын жашаган конуштардын айрым тургундарынын нан таап жей турган жери.
Таштанды чогулткандардын арасынан мектеп курагындагыларды дагы кезиктирүүгө болот.
Чогултулган таштанды түрүнө жараша бөлүнүп, сатылат.
Санитардык жана жалпы эле мыйзам нормаларына туура келбегенине карабастан, полигондун жанында кадимкидей үй куруп жашагандар арбын.
Жүздөгөн тонна таштандыны түздөп, сүрүп турган жалгыз гана бульдозер техникасы бар. Калган техникалар эскилиги жеткендиктен жана тетиктердин жоктугунан жараксыз абалда турганына көп болду.
Иштегендердин арасында үй-жайсыз адамдар көп. Ошол эле кезде бул жерди кадимкидей киреше булагына айлантып, үй-бүлөсүн баккан шаар тургундары бар. Негизинен таштандыны чачып иштөө тургай, полигондун ичине чоочун адамдарга кирүүгө болбойт.
Шаардан келген жаңы таштанды жүктөлгөн машинаны бул жердегилер акмалап туруп, ал ичиндегисин төккөндө жабалактап ишке киришет.
Таштанды ташыган машиналар менен бул чөлкөмдү байырлагандар бир жолду колдонушат. Тургундарды айтымында, шаардык кеңештин депутаттарынын келүүсүн утурлай тазаланган бул жол калган убакта таштандыга толуп, анда жүрүүгө мүмкүн эмес.
Полигондун бир тарабына малдын өлүгү, эт, тери таштандылары төгүлөт. Эч бир санитардык нормаларга туура келбеген бул таштандылар ачык абада чирип, ар түрдүү жугуштуу оорулардын булагы болушу да толук ыктымал.