Украин Жогорку Радасы Орусияны “агрессор өлкө” деп тааныды

Жогорку Раданын жыйыны

Мындай билдирүүгө Жогорку Раданын шейшемби күнү өткөн жыйынында 271 депутат добуш берди. Украин парламентарийлери башка өлкөлөрдүн башчыларына жана эл аралык уюмдарга кайрылуу жасап, аларды да Киевдин жолун жолдоп, Орусияны агрессор деп таанып, Москвага басымды күчөтүүгө чакырды.

Рада өкүлдөрү ошондой эле өзүлөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атап алгандарды тероррчул уюм катары таанууну сунуштады.

Рада кабыл алган билдирүүдө Орусия террорчулукту колдоп, БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишин тосмолоо менен эл аралык коопсуздукка жана тынчтыкка коркунуч келтирип жатканы айтылган.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Кремлди Украинанын чыгышындагы козголоңчуларга аскерий колдоо көрсөтүп жатканын жана Донбасстагы жаңжалга түздөн- түз тиешеси бар экенин айтып, айыптап келет. Москва бул дооматтарды четке кагууда.