Карылар үйүндөгү үмүттүү көздөр
Алтымыш Курманалиев 13 жылдан бери карылар үйүндө. Ал былтыр Бактыгүл апа менен ушул жерде баш кошкон, азыр экөө бир бөлмөдө жашашат. Алтымыш ата бул жайдагылардын бут кийимин оңдоп күн өткөрөт.
Мында жалаң гана карылар байырлабайт. Жаш болсо да майыптыгынан туугандары таштап кеткендер да жок эмес.
Александр менен Ирина да ушул жерден кол кармашкан. Александрдын уулу Орусияга кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Көбүнүн бөлмөсүндө сөзсүз бирден сүрөт бар. Алар дайым балдарым кайрылар бекен деген үмүт менен жашашат. Тилекке каршы айрымдары пенсия тийгенде гана келип коюшат экен.
Бул эненин таяктан башка таянар кишиси жок.
Бул апалар курсагыбыз ач деп арман кылышпайт. Болгону ошол бир чыны ысык чайды келин-уулдун үйүнөн ичсек деп самашат.
Карылар үйүнүн жетекчилиги акыркы жылдары бул жайга баш баккан кыргыздардын саны өскөнүн айтышууда. Мурда бирин-серин болсо эми алардын саны 52ге жеткен.
Уюлдук телефонду эрмектегендер да аз эмес.
Небере багуу бактысы буюрбагандар көгүчкөнгө болсо да мээрим төгүшөт.
Карылардын өтүгүн акысыз оңдоп-түзөгөн Алтымыш ата.
Карылар үйүндө үч маал ысык тамак берилет. Бирок баары бир үйдүкүнө жетпесе керек...
Бири-бирине кам көрүп жаткан карыларды көрүп ичиң жылыйт.
Карылар үйүн зыярат кылгандарды көп дешке болбойт. Бирок кайрымдуулук кылып маал-маалы менен карылардын кабар алгандар да бар.
24 саат бир имарат ичиндегилердин эрмеги китеп, гезит-журнал жана телевизор.
Балдары ата-энесин аздектебесе да, алар балдарынын сүрөтүн караан тутушат.