Египет: экс-президент Мубарактын эки уулу боштондукка чыкты

Египет -- мурдагы президент Хосни Мубарак уулу Гамал менен, Каир, 2013

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын эки уулу камактан бошотулду. Алар төрт жыл мурун атасы бийликтен кулатылган учурда камакка алынган.

Египет бийликтеринин маалыматы боюнча, Аля менен Гамал Мубарак 26-январда эртең менен Каирдин түштүгүндөгү Торах түрмөсүнөн чыгарылды. Өткөн аптада сот алардын ишин кайрадан карап чыгуу жана тергөө бүткөнчө камактан чыгаруу чечимин кабыл алган. Алардын бошотулушу Хосни Мубарак бийликтен кулатылган элдик толкундоолордун төрт жылдыгына дал келди. Ыңкылаптын максаты ишке ашпай калды деп көчөгө чыккан исламчыл демонстранттар менен полициянын кагылышында кеминде 15 киши набыт кеткени кабарланган.

Аля менен Гамал Мубарак атасы бийликте турган кезде коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталып, 2011-жылдын апрелинде камакка алынган.