Кызамыкка каршы массалык эмдөө жүргүзүү сунушталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул тапта күчөп жаткан кызамык илдетине каршы массалык эмдөө жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Дүйнөлүк уюм оорунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин планын сунуштады. Министрликтин маалыматына караганда, январь айынын башынан бери Жугуштуу оорулардын клиникасына 1 875 адам кайрылып, анын 1220сында кызылча илдети аныкталып, дарыланып жатат. Ошол эле маалда Кыргызстанда 6,5 миңге жакын адам балдарын эмдетүүдөн баш тарткан. Алардын көпчүлүгү буга диний көз караштан улам барышканы айтылууда.

Аталган клиниканын башкы врачы Гүлжигит Аалиев илдетке чалдыккандардын көбү балдар экенин, жети бөлүм күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айткан. (КЕ)