Ош аба майданынан 13 млн. доллар уурдалган болушу мүмкүн

"Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын кабарлашынча, өткөн жылы декабрда Ош аэропортунан каракталган акчанын көлөмү 5 миллион 679 миң доллар эмес, 13 миллион доллардан көп болгон. Маалыматтарга караганда, беткапчан адамдар аэропортко акча уурдоо үчүн кирип келген маалда декларация толтурулуп жаткан жана ошол мүнөттөрдө акчанын эсеби 5 миллион 679 миң доллар болгон.

Бирок бул маалыматты күч кызматтары азырынча тастыктай элек.

Иш Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгына өткөрүлүп берилгени менен кылмыштын бети азырынча ачыла элек. (YI)