Аэропорттон акча уурдагандар 5-6 күндө кармалат

Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев кечээ Алай районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

27-декабрда беткапчан жана куралчан белгисиз адамдар Ош шаардык аэропортунун VIP залынан бир кишини беш сумкасы менен кошо алып кетишкен. Уурдалган адамдын колундагы беш баштыкта 5 миллион 679 миң доллар болгону тергөөдө маалым болгон.

Иш Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгына өткөрүлүп берилгени менен кылмыштын бети азырынча ачыла элек. (YI)