Бишкекте бала кароочу китепкана ачылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек мэриясынын китепканасында 7 жашка чейинки балдар үчүн акысыз китеп окуу борбору ачылды.

“Бул борбор бир убакта 20 баланы батыра алат. Ата-энелер балдарын 3 саатка калтыра алышат. Борбордун тарбиячылары балдарга китеп окуп берип, оюн ойнотушат. Максаты - балдарды китепке тартуу жана балдарын карата турган кишиси жок шаардыктарга жардам берүү”, - деди Кененбаев. Китепкана Турусбеков-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. (UEz)