Спортчулардын стипендиясын көтөрүү маселеси каралууда

Кыргыз спортчулары Сочидеги кышкы олимпиаданын ачылышында. Февраль, 2014-жыл.

Спортчулардын мамлекет тараптан стипендия алышы боюнча комиссия текшерүү ишин улантууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов 21-январда мекеменин коллегиялык жыйынында билдирди. Анын айтымында, спортчуларга стипендия берүү тартибине өзгөртүү киргизүү зарылдыгы турат:

- Акчанын көбү өспүрүмдөргө кетет. Көпчүлүгү 17 жаштан кийин каражат тартыштыгынан жана башка ар кандай себептерге байланыштуу машыгууларын токтотушат. Стипендиянын көлөмүн айына спортчунун көрсөткүчтөрүнө жараша 150 миң сомго жеткирүү каралууда. Бул каражат мамлекеттен бөлүнгөн гана акча. Кошумча ар кандай булактан да спортчуларды каржылоого аракет кылып жатабыз, - деди Эргешов.

Кыргызстандык спортчулар учурда даражасына жараша 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин стипендия алат. (ECh)