Бул тууралуу вице-премьер министр Дамира Ниязалиева бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, иш-чара өкмөт тарабынан дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017-жылдарга карата программасын бекитүү тууралуу токтомго киргизилген.
"Учурда пилоттук долбоор катары 22 билим берүү уюмдарында ченемдик негиздерди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул иш чаранын жыйынтыгын эске алуу менен баардык билим берүү мекемелеринде ченемдик негиздерди киргизүү Мамагенттиктин 2015-жылдагы негизги милдеттеринин бири деп эсептейм", - деди Ниязалиева.
Статистика боюнча, Кыргызстанда массалык түрдө дене тарбия жана спорт менен алектенүү 6-7% гана. Бул улуттун генофондунун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен төмөн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көрсөткүч кеминде 15% болушу керектигин белгилейт. Аскерге чакыруу курагындагы жаштардын 92 пайызы дене тарбиясы боюнча ченемдик талаптарды аткара алышпайт. (ECh)