Борбордук шайлоо комиссиясы камактагы Нариман Түлеевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.
Буга чейин Ленин райондук соту Түлеевди баш калаанын мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган.
2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырган. Мыйзамга ылайык, БШК шаардык сот чечими чыккандан кийин 30 күндүн ичинде депутаттын ыйгарым укуктарынан ажыратышы керек. (МТо)