Бүгүндөн тарта Оштогу “Кыргыз журтум” коомдук фондунун мүчөлөрү балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүнү колдогондордун колун топтой баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фонддун жетекчиси Сапаргүл Бердалиева билдирди.
“Балдарыбызды майып кылган адамдарга өлүм жазасы” деген талап менен чыгуудабыз. Биз жаратылыштын, энелердин, аталардын айынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын төрөлүшүнүн алдын алуу аракетинде жүргөнбүз. Бир жагынан алдын алуу иши болуп жатса, экинчи жагынан балдарды атайлап майып кылып жатышат”, - дейт Бердалиева.
Энелердин мындай кадамга барышына соңку кездерде зордукталган жана кордолгон балдардын көбөйүп жатышы себеп болгон. Айрыкча 16-январда эки жашар наристенин аёосуз сабалып, зордукталып, эс учун жоготкон абалда Бишкектеги балдар ооруканасына түшүшү коомчулукта чоң талкуу жаратты.
Анткен менен Кыргызстан кылмыш кодексинен өлүм жазасын алып салган. Өлкөдөгү эң жогорку жаза өмүр боюу эркинен ажыратуу болуп эсептелет.(YI)