Украина Орусияны аскер жиберип жатат деп айыптады

– Антитеррористтик операция аймагында кырдаал курч. Согуштук операцияларга жикчилдер жана орус армиясынын күчтөрү тартылган. Антитеррордук күчтөрдүн турумдары жана шаарлар замбирек, артиллерия, танк, Град ракета аткычтардан катуу аткыланууда, - деп билдирди Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин маалымат катчысы Андрий Лысенко.

Ал арада Орусия Киевдин «Москва Чыгыш Украинага аскер жиберди» деген кинесин кайрадан четке какты. Украин армиясы 19-январда Украинанын аймагына 700 аскер басып кирди деген билдирүү таркаткан эле. Бул күнү Украина талкаланган Донецк аба бекетин дээрлик толугу менен өз колуна алгандыгын билдирген. Жикчилдер бул ырастоону четке кагууда.