Харьков шаарынын сот имаратындагы жардырууда жараат алгандардын төртөөнүн абалы оор экени кабарланууда. Украинанын Мамлекеттик Коопсуздук кызматынын кеңешчиси Маркиян Любкивски фейсбуктагы баракчасында кечээки жардыруу «террордук кол салуу» деп мүнөздөлүп жаткандыгын жазды. Соңку апталарда Харьковдо, Одесса, Мариупол, Киевде ондогон чакан жардыруулар болду.
Бул шаарлардын Киевден башкасы орусиячыл жикчилдер кармап турган чыгыш аймактарга чукул жайгашкан.