“Айкөл” чек ара тозотундагы окуяга шектелген чек арачы күнөөсүн мойнуна алды. Учурда кылмыш жасоого эмне себеп болгону такталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
“Иликтөөнүн алдын-ала маалыматтарына караганда, тозоттогу кол салуу чек арачы тарабынан уюштурулган. Учурда кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдар жана бул кылмышка эмне түрткөнү иликтенүүдө”, - деди Бөрүбаева.
Тергөөнүн купуялуулугунан улам мындан артык маалымат берилген жок.
16-январда түнкү саат 11лер чамасында Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотунда болгон ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Алдын-ала маалыматтарга караганда ок аңчылык мылтыгынан атылган. (МТо)