ЕЭБга мүчө өлкө парламенттери менен кызматташуу күчөтүлөт

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеш Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин, тагыраак айтканда Орусия, Казакстан жана Беларустун мыйзам чыгаруу органдары менен кызматташууну күчөтөт. Бул 2015-жылга карата алдыга койгон негизги пландардын бири. Кыргызстандын аталган уюмга мүчө болуп кирип жатышына байланыштуу өз ара мамилени жандантуу учурдун зарыл талабы болуп турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев билдирди.

Ошондой эле Өзбекстандын жаңы шайланган Олий Мажлиси жана Тажикстандын эл өкүлдөрү менен иштешүүнү жаңы тепкичте баштоо аракеттери көрүлүп жатат. Соңку жылдары эки коңшу өлкө парламенттери менен жандуу алака-катыш болбой калган. (SE)