Казакстан: «уйку оорусуна» чалдыккан айыл көчүрүлөт

Калачи кыштагынын балдары

Казак бийликтери «уйку оорусу» жайылган Калачи айылынын тургундарын башка жерге көчүрөт. Бул тууралуу бүгүн Акмоло облусунун губернатору Сергей Кулагин билдирди. Көчүрүү иштери ушул жылдын майынан башталмакчы.

2013-жылдын март айында Калачи айылында “уйку оорусу” алгачкы жолу катталган. Жергиликтүү жашоочулар алы кетип, уйкусурап, башы айланганына даттанышкан. Бирок борбордон келген комиссиялар, клиникалык анализдер ал табышмактуу оорунун себебин аныктай алган эмес. Ал эми калачиликтер илдетти Советтер Союзунан бери калган мурдагы уран кенине байланыштырып, өкмөттөн башка жерге көчүрүүнү өтүнүшкөн.