Мамлекеттик каттоо кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, 12-январга карата 1 млн. 983 996 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Мунун ичинен эң көбү Ош шаары менен Ош облусуна таандык. Түштүк борбордо биометрикалык маалымат тапшырган жарандар шаардыктардын 75% ашуунун түзөт.
Мамлекеттик каттоонун атайын штабы Бишкек шаарына калктан биометриялык маалыматтарды чогултуучу кошумча түйүндөрдү ачууну көздөөдө. Бүгүнкү күнгө чейин борбор калаа жарандарынын 35% гана биометрикалык маалымат тапшырды.
Жарандардан биометрикалык маалыматтарды чогултуу өткөн жылы 20-октябрдан тарта башталган.(ZKo)