Прокуратура Навальныйга чыгарылган өкүм боюнча доо арыз берди

Мамлекеттик айыптоочу оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын иниси Олегге карата сот өкүмү боюнча Москва шаардык сотуна доо арыз жолдоду. Прокуратура Навальныйларга чыгарылган сот өкүмүн абдан жумшак болуп калды деп эсептейт. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги жазып чыкты.

Өткөн жылдын 30-декабрында Москвада райондук сот “Ив роше” компаниясынын иши боюнча орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен. Анын бир тууганы Олег үч жарым жылга эркинен ажыратылган.

Алексей Навальный үй камагы боюнча сот чечимин аткарбай турганын айтып, орус мыйзамдарына ылайык, мындай чечим ага карата колдонулбашы керектигин билдирген.