"Интерпол" Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке эл аралык издөө жарыялады. Ал “мамлекеттик мүлктү менчиктеп алган же казынага уюшкан кылмыштуу топтун курамында чоң өлчөмдө чыгым келтирген” деп айыпталат "Интерполдун" сайтында.
Янукович анын бийликтен кетүүсүн талап кылган көчө жүрүштөрдөн улам 2014-жылы 26-февралда Орусияга чыгып кеткен. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковдун 12-январда билдиришинче, "Интерпол" ошондой эле мурдагы премьер-министр Николай Азаровго, Януковичтин өкмөтүнө кирген башка адамдарга жана анын уулу Александр Януковичке да издөө жарыялаган. Башка адамдардын аты-жөнү "Интерполдун" сайтына жарыялана элек.