Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады.
"Балдар 20-январга чейин кышкы каникулга чыгышты. Шаардык балдар компьютердик оюн ойноп, телевизор көрүп эле отура бербей атка жакын болсун деп, экинчиден ат спортун пропаганда кылыш үчүн уюштуруп жатабыз. Технологиянын өнүгүшү менен атка жакын адамдар азайып баратат. Айрым бишкектик балдар ат минип көрө элек. Ошон үчүн 9-19-январда күнүнө төрт сааттан 10.00-12.00гө чейин жана 14.00-16.00га чейин балдарга бекер ат мингизебиз”, - дейт Султамбаев.
Акциянын жүрүшүндө балдарга Кыргызстандагы ат спортунун өнүгүшү жөнүндө маалымат беришип, ат мингенди үйрөтүшөт. Акцияга 11-17 жаш курагындагы балдар катыша алат.
Дареги: Бишкек шаары, Элебесов көчөсү 204 "А" (МТо)