Кытай Мургабда баалуу кендерди бургулайт

Кытайдын Геологиялык кызматы тажикстандык кесиптештери менен бирдикте иш алып бараарын Дүйшөмбү калаасындагы пресс конференцияда «Тажикглавгеологиянын» башкы башкармалыгынын жетекчиси Мурод Жумазода билдирди.

Сары-Кол сайтынын 7-январда жазышынча, тажик-кытай кызматташтыгы «мурдатан кол коюлган меморандумдун" негизинде жүрүүдө. Жумазоданын сөзү боюнча, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун 60 пайызын ээлеген Мургаб районунун Кытай менен чек арасында учурда геологиялык изилдөө иштер башталды.

Аталган сайттын жазганына ылайык, Мургабда аныкталган алтын кендери бар жерлерден 1300 километрдей жайлоо 1999-жана 2011-жылдары Кытайга берилген.