Электр энергиясынын баасы тууралуу маалымат берилет

9-январда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев Казакстандан келип жаткан электр энергиянын көлөмү азайышы жана анын баасы тууралуу журналисттерге айтып беришет. Айрым маалымат каражаттары Казакстандан алынып жаткан электр энергиясы Жамбыл ГРЭСине газ аз келип жаткандыктан улам көлөмү азайганын жазып чыгышкан.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаевди кабыл алган учурда электр энергиясынын баасын арзандатуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүүнү тапшырган.

Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк баасы 35 тыйындан 42 тыйынга чейин деп бааланган. Ал эми керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонулган ар бир кВт саат үчүн 70 тыйындан, андан көп колдонгон болсо 1 кВт саат электр энергиясы үчүн 2 сом 5 тыйындан төлөшөт. (ZKo)