Бул тууралуу “Азаттыкка” "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров билдирди. Анын айтымында, ар жылы Кумтөрдөн 18 тоннадай алтын өндүрүлсө, быйыл 16 тоннадай өндүрүлөрү күтүлүүдө.
- Алтын өндүрүмү аз болуп жатат, быйыл Кумтөр жылдагыдай алтын бере албай калышы мүмкүн.
Мындан сырткары алтындын баасы түшүп кеткенине байланыштуу “Кумтөр голд компаниде” жумушчулардын саны кыскарары күтүлүүдө. (TSh)