Москвада “Болотная туткундарын” колдоо пикети өтөт

Акция шаар бийлиги менен макулдашылганын жана суукка карабай пикетке көп адам чогуларынан үмүт артып жатышканын пикетти уюштуруп жаткан “6-май комитетинин” өкүлдөрү билдиришти.

“Болотная туткундарын” колдоо акциясы ар бир айдын алтысында өтүп турат.

2012-жылдын 6-майында бийлик менен макулдашылбаган оппозициянын жүрүшү демонстранттар менен полициянын Болотная аянтындагы кагылышуусуна алып келген. Бул иш боюнча жалпысынан отуздай адам камалган.

Алардын көбү мунапыска туш келип, боштондукка чыгышты.

Укук коргоочулардын жана байкоочулардын айтымында, бул иштин саясий мүдөөсү бар жана полиция менен элдин кагылышуусуна бийлик өзү чагым салган деп эсептешет.