9-январда Чыгыш Украина маселеси боюнча сүйлөшүүгө катышып жаткан өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Астанага чогулат. Бул 15-январда боло турган президенттердин сүйлөшүүсүнүн алдында болмокчу. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Олексий Макеев бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды. Ал ошондой эле Астанада “башкы келишимге” кол коюлуусу мүмкүн экендигин да билдирди. Макеевдин оппозициялык ТВга берген маалыматы боюнча Киевде Украина, ЕККУ, Орусиянын жана Донецк менен Лугансктын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болушу ыктымал.
Украина, Орусия, Германия жана Франциянын президенттери 15-январда Астанага чогулуп, Украина маселесин талкуулашат.