Өзбекстанда парламенттик шайлоонун экинчи туру өттү

Өзбекстанда 4-январда парламенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Анда 22 округда добуш берүү болду. Бул округдарда 2014-жылдын 21-декабрындагы алгачкы турда бир да талапкер жетиштүү добуш ала алган эмес.

Өлкө парламенти - Олий Межлистин төмөнкү-мыйзам чыгаруу палатасындагы 150 депутаттык орун үчүн төрт саясий партиянын 520 талапкери ат салышкан. Бул партиялардын баары өлкөнү 24 жылдан бери башкарып келаткан президент Ислам Каримовдун саясатын колдошот. Оппозиция өкүлдөрү бул шайлоону бойкоттоп, шайлоого катышуудан баш тарткан.

Бул парламенттик шайлоонун алдында өлкө Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилген эле. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, анын бир бөлүгү парламентке берилген. Бирок быйыл март айында өтчү президенттик шайлоодо 76 жаштагы Ислам Каримовдун кайрадан шайланышы мүмкүн деп болжолдонууда.