Түлеев менен Келдибеков мандаты алынмайынча депутат катары айлык ала берет

Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин депутаттары Нариман Түлеев менен Акматбек Келдибеков мамлекеттен айлык алууну улантышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин башчысы Айнура Алтыбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга ылайык, алар соттун чечими аркылуу депутаттык мандатынан ажыратылганга чейин өздөрү жана жардамчылары айлык акысын ала берет. Бирок мамлекеттик унаасы колдонулбайт, ага күйүүчү май бөлүнбөйт.

Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев апрел окуясына чейин Бишкекте мэр болуп иштеген кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып тагылган. Ал 2012-жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында камакта. Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет. 2013-жылы райондук сот Бишкектин экс-мэри Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган.

"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков өткөн жылдын күзүнөн бери камакта болчу. 2014-жылдын август айында Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын ден соолугуна байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берилген. Анын дарылануу мөөнөтү сот тарабынан чектелген эмес, ошол себептүү анын соттук териштирүүсү качан улантылары белгисиз бойдон калууда. (TSh/UEz)