Бишкекте журналисттердин эл аралык фотокөргөзмөсү өтөт

Бишкекте дүйнө жүзүндөгү фото журналисттердин көргөзмөсү өтөт. 9-январда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде World Press Photo-2014 аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Уюшуруучулардын айтымында, көргөзмөгө 2014-жылдын февраль айында Амстердамда аталган сынактын финалында мыкты деп тандалган 140 эмгек коюлат.

World Press Photo – эл аралык сынак. Анда дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттердин тарткан сүрөттөрүнүн мыктылары аныкталат. Жылына абройлуу фотограф жана фоторедакторлордон түзүлгөн калыстар тобу келип түшкөн сүрөттөрдү тогуз категория боюнча сындан өткөрүшөт.

Бул жылы 124 мамлекеттен жөнөтүлгөн 5666 автордун 103 миң фотосүрөтүн караган. (TSh)