Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Алмаз Алымбаев маалымдады. Анын айтымында, 31-декабрдан 1-январга караган түнү аталган төрөт үйүндө 24 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алардын ичинен түнкү саат 12ден 20 мүнөт өткөндө биринчи эне өнөктөштүк төрөттүн негизинде көз жарган. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы.
Мындан үч жыл мурун ушул эле төрөт үйүндө жарык көргөн эки наристе дүйнөдөгү “7 миллиардчылар” тобундагы балдар деп табылып, расмий салтанат менен белгиленген.
Кыргызстанда 2014 жылы балдардын төрөлүүсү өстү. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 122 216 ымыркай катталган. (AiA/TSh)