Бишкекте көчмө флюорография иштей баштайт

Борбор калаа тургундары жана шаар четиндеги жаңы конуштардын жашоочулары мындан ары көчмө флюорографиялык кабинеттен текшериле алышат. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, аталган авто-флюорографиялык кабинетте бардык тиешелүү жабдыктар бар. Көчмө флюорографиялык кабинеттин иш алып баруусу кургак учуктун алдын алуу, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо дарыгерлерге чоң көмөк болот. (ZKo)