Кытайда майрамдагы төө бастыдан 35 киши каза болду

Кытай бийлиги 35 кишинин өмүрүн алган Жаңы жылдагы тыгындын чоо-жайын иликтөөгө алууда. Маалыматка ылайык, Шанхайдагы Жаңы жылды майрамдоо учурунда каза болгон 35 адамдан сырткары 43 киши жаракат алган.

Шанхайда белгилүү Бунд жээгине Жаңы жыл түнү адаттагыдай 100 миңдеген киши чогулган. Окуя түнкү 12ге жарым саат калганда орун алган. Тыгылышкан эл дүрбөлөңгө түшүп, натыйжада башаламандык башталган. Полиция, тез жардам кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган.

Бир жыл мурда дагы Жаңы жылдагы майрамдык лазердик-шоуга миңдеген адамдар күбө болгон. Бул жаңы жылдык оюн-зоок көбүнчө студенттер арасында белгилүү. Андыктан каза болгондордун көбү студенттер экени айтылууда. (TSh)