Спортчуларга материалдык жардам көрсөтүлдү

Спорттун ар кандай түрлөрү боюнча эл аралык чемпионаттарда жогорку ийгиликтерге жетишип, байге алган спортсмендерге жана машыктыруучуларга президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фондунан 900 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин апаратынан билдирди.

Мындай буйрукка бүгүн президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Материалдык колдоо алгандардын арасында буга чейин Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин айынан мамлекет тарабынан сыйлануучулардын тизмесине кирбей калган спортчулар да кошулган.

Ошондой эле өлкө башчысынын буйругуна ылайык, 2014-жылдын 9-21-сентябрында Антверпен шаарында өткөн олимпиаданын V Евразиялык оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бир жолку акчалай сыйлыктар бөлүндү. (TSh)