“Газпром Кыргызстан” ишканасы тараткан маалымат боюнча кыргыз өкмөтү жана “Газпром” команиясы өзбек тарап менен бир нече ирээт сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Акыркы айлардагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ошко газ берүү жанданды. Учурда “Газпром Кыргызстан” менен “Gazprom Schweiz AG” ортосунда келишим түзүлүп, 2015-жылы өлкөнүн түштүк аймагына 100 миллион метр куб жаратылыш газы берилмей болду. Gazprom Schweiz AG орусиялык "Газпром" компаниясынын таандык ишкана.
Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” быйыл жазында орусиялык “Газпромго” саткан. Андан көп өтпөй, 14-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон. (TSh)