Бишкек мэриясы бүгүн кайрылуу таратып, анда күйүп-жанып, үн чыгарып бара жаткан тез жардам унаасына жолдогу айдоочулар мүмкүн болушунча жол бошотуп берүү керек экени айтылган. Себеби мындан кайсы бир адамдын өмүрү, ден-соолугу көз каранды экени белгиленет.
Кечээ, 28-декабрда тез жардам авто унаасына жол бошотпогон BMW унаасынын айынан жол кырсыгы болгон. Жыйынтыгында чакырык боюнча бара жаткан тез жардам белгиленген жерге жетпей калып, анын ордуна башка бригада жөнөтүлгөн. (TSh)