Москвада нааразылык акциясына чыккан 11 активист кармалды

Москванын борборунда жума күнү кечке жуук каршылык акциясынын 11 мүчөсү кармалды.

ОВД-Инфо сайтынын маалыматына караганда, алардын арасында мугалимдер, медицина кызматкерлери жана ошол жерден өтүп бараткан адамдар да бар.

«Общежития Москвы» кыймылынын лидери Александр Зимбовскийдин “Эхо Москвы” радиостанциясына билдиргенине караганда, 20 активист Тверь көчөсүндөгү кыймылды бууганга аракет кылышкан. Муну менен алар үй-тиричилик жаатындагы көйгөйлөргө бийликтин көңүлүн бурдуруу максатын көздөшкөн.

Зимбовскийдин айтымында, алар шаар бийлигинен социалдык келишимдин негизинде жалдап алган батирлеринен чыгарбоо тууралуу кепилдик берүүнү талап кылышкан.