Токтогул сыйлыгы ээлерин тапты

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка төрт автор татыктуу болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, бул сыйлыкка Анатай Өмүрканов “Жалгыздык” ырлар жыйнагы үчүн, Акбар Рыскулов “Атакенин ак болот” тарыхый үчилтиги үчүн жана Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн татыктуу болгон.

Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы адабият, маданият, искусство чөйрөсүндөгү эң жогорку наам саналат. Жеңүүчүлөргө диплом, төш белги жана 100 миң сом акчалай сыйлык берилет. Бул наам үч жылда бир берилет. (UEz)