Транзиттик борбордун ордуна аскер бөлүгү ачылды

"Манастагы" транзиттик борбор.

“Манас” аэропортундагы АКШнын Транзиттик борборунун ордуна Улуттук Гвардиянын атайын батальону жайгаштырылды. Бул тууралуу Улуттук Гвардиянын кол башчысы Мелис Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 200 аскерден турган батальон аэропорттогу коопсуздукту сактоо милдетин аткармакчы. Кийинчерээк батальонду 1500 аскерден турган бригада кылып түзүү мерчемделүүдө.

“Манастагы” АКШнын аскердик базасы 2001-жылы декабрда ачылган. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктап, америкалык аскерлер чыгып кетти. Транзиттик борбор өз ишин жыйынтыктап жатып кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарды, техникалык жабдыктарды калтырган.(BkA)