Пакистандын лидерлери Талибанга каршы планды талкуулашты

Премьер Наваз Шариф жана армия башчысы Рахил Шариф жарадар болгон мектеп окуучуларына келген учур. Пешевар, 17-декабрь, 2014-жыл.

Премьер-министр Наваз Шариф бүгүн Исламабадда саясий жана аскерий лидерлер чогулган жыйында азыркы кырдаалды “адаттан тыш” деп мүнөздөп, терроризмге каршы күрөш “адаттан тыш кадамдарды” талап кылып жатканын кошумчалады:

- Биз аймагыбызда мындай согушчан элементтер болушу менен келише албайбыз. Эгер биздин аймагыбыз Ооганстанга каршы бир нерсе жасоо үчүн колдонулса, катуу чара көрөбүз. Эгер мындай нерсе ооган тараптан болсо, алар да олуттуу жооп берет. Армия башчысы Рахил Шарифтин Кабулга сапарынан кийин алар (оогандар) өз аймагында операция өткөрүштү.

Пакистан премьери бул сөздөрдү жергиликтүү талиптер өткөн аптада Пешевар шаарында армияга караштуу мектепке жасаган чабуулдан өлгөндөр саны 151ге жеткен учурда айтты. Өмүрү кыйылгандардын 141и мектеп окуучулары.

Бул кыргындан кийин расмий Исламабад өлүм жазасына алты жыл мурда киргизилген мораторийди терроризм боюнча соттолгондор үчүн алып салды.

Бийликтер терроризм боюнча айыпталып, соттолгон 500дөй кишиге өкүм алдыдагы апталарда ишке ашырыларын билдирүүдө. (UE)