Нарында электр баасына каршы митинг өттү

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашыргандарга 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.

Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда. Учурда Нарында суук -30 градустан ашып жатат.

Митингчилерге өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов чыгып, өкмөткө кайрылуу даярдоону сунуштады.
