Нарын облустук администрациянын алдына 100дөн ашуун киши митингге чыкты. Алар электр баасын түшүрүүнү талап кылууда.
Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган.
Митингге чыккандар суукка байланыштуу электр энергияны лимиттен ашык пайдаланып жатышканын жана кымбат баада төлөөгө шарты жок экенин айтууда. Учурда Нарында суук -30 градустан ашып жатат.
Митингчилерге өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов чыгып өкмөткө кайрылуу даярдоону сунуштады. (КЕ/MiK)