Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюмдун билдиришинче, Вади Дейф аскердик базасы үчүн болгон эки күндүк айыгышкан согушта 100дөй аскер жана 80 согушчан курман болду.
Дамаск-Алеппо стратегиялык жолунда жайгашкан Вади Дейф аскерий базасы менен Хамидиядагы базаны “ал-Каида” менен байланыштагы “Ал-Нусра фронту” жана башка исламчыл топтор 15-декабрда ээлешкен.
Согушчандар үчүн эки жылдан бери камоо жаткан Вади Дейф аскерий базасын басып алуу маанилүү окуя. “Ал-Нусра фронтунун” согушкерлери кеминде 120 аскерди туткунга алган. Бул жөнүндө Сириядагы адам укугуна көзөмөл салчу уюм өз активисттерине жана жер-жерлердеги дарыгерлерге таянып маалымдады.